Кылмыштуулукту болтурбоо максатында
Декбарь айынын бешинде Чаткал РИИБинин ЖЖЭИ боюнча аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Бакытбек Молдотаев райондук №46 кесиптик лицейинде болуп, андагы окуучулар менен жолугушту. Жолугушууда жаш өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жаатында мыйзамдар менен тааныштырып, түшүндүрмөлөрдү берип, кылмыштуулуктун бардык түрүнөн алыс болууга чакырды.
Ал буга кошо эле, лицейдин директору Талантбек Ботобековдун кабыл алуусунда болуп, жетекчилер мында окуп жаткан өспүрүмдөрдүн кылмыш иштеринен алыс болуусуна шарт түзүү жана бул багытта зарыл жумуштарды алып баруу жаатында талкуулашты.
Комментарии