Улуттук адабият майрамы белгиленди
Бүгүн Чаткал райондук №46 кесиптик лицейинде 12-декабрь-Улуттук адабият күнү өзгөчө шаң менен белгиленди.
Мында, аталган лицейдин окуучуларынан турган 3 команда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышып, ыр, бийлерди тартуулашты.
Алар улуу жазуучунун каармандарын, кейипкерлеринин образдарын сахнада ачып беришип, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабууларын жарата алышты.
Айрыкча, тигүүчүлөр тайпасынын кыз-келиндери аткарган ролдор көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Мындан сырткары, катышуучулар улуу жазуучунун чыгармачылыгын камтыган дубал гезиттерин уюштурушуп, анда тартылган каармандарын жана образдуу сүрөттөөлөрдү чечмелеп беришти.
Соңунда, активдүү катышкан тайпалар лицейдин жетекчилиги тарабынан Ардак Грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Окуу жайынын директору Талантбек Ботобеков катышуучулардын талантына жана аткаруу чеберчилигине жогорку баасын берип, алдыда окуу жайдын маданий уюштууу деңгээлин көтөрүү боюнча максаттуу пландар бар экендигин айтып, бул жаатта алгылыктуу аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.
Комментарии